Өмүрбек Суваналиев шайлоодо Адахан Мадумаровду колдобойт

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 14:53
1 ой-пикир

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Башкы прокуратуранын саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылганын туура эмес деп эсептейт. Суваналиев мындай пикирин «Азаттыкка» курган маегинде билдирип, бир топ маселелерге токтолду.

“Мадумаров барып ал жактагы биздин жарандар менен жолугуп эле жүргөн. Ал роль ойнобойт. Бизде мамлекеттик кызматкерлер кызмат көрсөтөбүз дейт. Анын кесепетин ойлош керек. Ар бир чиновник саясатты дагы ойлошу керек. Ушул кагазды жибергенден кийин кандай саясат болот деп ойлошу керек. “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоодон (парламенттик-ред.) четтетип салганда биз саясатчы катары аны жакшы жакка буруп кеттик. Азыр дагы ошондой болот”, – деди Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев алдыдагы президенттик шайлоодо Мадумаровду колдобой турганын, “Бүтүн Кыргызстандын” тизмесине парламентке баруу үчүн гана кошулганын кошумчалады.

Башкы прокуратура президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштеринин белгилерин кароону Борбордук шайлоо комиссиясына 24-ноябрда сунуштаган.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 25-ноябрда кызматынан убактылуу четтеген өкмөт башчы, президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровго жана Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылуу жиберди. Анда Башкы прокуратура БШКга жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турат деп эсептеген.

Сүрөт интернеттен алынды

Өмүрбек Суваналиев шайлоодо Адахан Мадумаровду колдобойт” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.