Калматов Анарбек Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 15:02
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Калматов Анарбек Баратович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Курманбек Дыйканбаев ээлеп келген. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камалды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.