ИИМдин Ички аскерлеринин күжүрмөн даярдыгынын, аскер тартибинин жана ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 19:16
0 ой-пикир

2020-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде 2020 окуу жылынын күжүрмөн даярдыгынын, аскер тартибинин, аскер кызматынын, күжүрмөн кызматынын жана ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Жыйынтыктоодо түштүк-батыш, түндүк-чыгыш аймактардагы аскер бөлүктөрүнүн командирлери, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгынын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн башчылары аткарылган иштери тууралуу маалымат беришти. Мамлекетибиздеги эпидемиологиялык кырдаалга ылайык, түштүк-батыш аймакта жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин баяндамалары онлайн режиминде өттү.
Колбашчынын орун басарлары да аскер бөлүктөрдөгү аткарылган иштердин жыйынтыктары тууралуу, ар кимиси өз багытында баяндама беришти. Ички аскерлердин алдына коюлган тапшырмаларды аткаруудагы маанилүү шарттардын бири болуп, өздүк курам менен күжүрмөн даярдыктын уюштурулуусу жана аскерлер кызматынын абалы экендиги баса белгиленди. Мындан аркы укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти чыңдоо, абдан маанилүү экендиги айтылды. Жалпысынан алдын ала көрүлгөн чаралар аскердик жамааттын моралдык-психологиялык климатына туура таасир берүү менен, Уставдардын талаптарын жана аскердик тартипти бузуунун санынын төмөндөшүнө шарт түзүлгөндүгү билдирилди.
Ички аскерлердин Колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов жыйындын катышуучуларынын көңүлүн коюлган тапшырмалардын маанилүүлүгүнө буруу менен аймактардагы кырдаалдын ар түрдүү багытта өзгөрүүсүнө командирлердин ар дайым болушу керек экендигин баса белгиледи. Буга ылайык, башкарма башчылары жана аскер бөлүктөрдүн командирлери аскерлердин күжүрмөн даярдыгына өзгөчө көңүл бурулушуна жана аскер бөлүктөрдүн жайгашкан аймактарда командирлердин Ички аскерлердин аброюн жогорулатуусун, өз ара аракеттенген органдар жана ведомстволор менен биргеликте тапшырмаларды аткарууда демилгелүү болушун билдирип кетти. Ички аскерлердин Колбашчысы алдыдагы мөөнөткө тапшырмаларды коюу менен сөзүн жыйынтыктады.
Жыйынтыктоонун соңунда Ички аскерлердин Колбашчысынын буйругунун негизинде бир топ аскер кызматкерлер 2020-жылдын жыйынтыгы менен «Мыкты кызматы үчүн» төш белгиси, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.