“Борбордук Азиядагы экстремизмге каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери” аталышындагы тегерек стол уюштурулду

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 14:16
0 ой-пикир

ИИМдин Академиясында “Борбордук Азиядагы экстремизмге каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери” аталышындагы тегерек стол уюштурулду

2020-жылдын 27-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Ыкчам — изилдөө ишмердүүлүк кафедрасы “Борбордук Азиядагы экстремизмге каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери” аталышындагы тегерек стол уюштурду.
Бул иш-чаранын актуалдуулугу бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарында экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар жөнүндө маалыматтардын көп таркатылып жатканы, тийиштүү көңүл бурулбай калган диний экстремисттер тарабынан жасалган кылмыштардын санынын өсүшү менен шартталды. Экстремисттик уюмдар экстремисттик ынаным идеяларын калк арасында, айрыкча жаш курагына байланыштуу таасирине көбүрөөк кабылышкан жаштар арасында активдүү жайылтышууда.
Акыркы жылдары Кыргызстандын жарандары, коомдук жана укук коргоо органдары экстремизмге каршы күрөшүү иштерин күчөтүшүүдө. Бирок диний экстремизм менен байланышкан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарга каршы күрөштү мындан ары өнүктүрүүнүн зарылчылыгы, бул чөйрөдөгү иш- аракеттерди күчөтүүнү талап кылууда. Жаңы ыкмалар жарандарды кылмыш жасоодон четтетүүчү шарттарды түзүүгө, аларда кылмыш менен алектенген адамдардан баш тартуу сезимин калыптандырууга, аларды жеке укуктары менен эркиндиктерин урматтоо рухунда тарбиялоого жардам бериши керек.


Ушул жана башка көптөгөн факторлор, Кыргыз Республикасында экстремисттик кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү кененирээк чагылдыруу үчүн тегерек стол өткөрүүгө себеп болду десек жанылышпайбыз.
Тегерек столдун максаты — экстремисттик мүнөздөгү кылмыштардын алдын алуу жана ачуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин өркүндөтүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу.
Иш — чаранын ачылышы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Т.Абитовдун сөзү менен башталып, ага ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын, андан тышкары, ИИМдин Республикалык окуу борборунун кызматкерлери жана ИИМдин Академиясынын окутуучу курамы катышты.
Анын жыйынтыгында, катышуучулар тегерек стол тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасында экстремисттик кылмыштарды алдын алуу жана чечүү жаатындагы заманбап көйгөйлөргө чечимдерди иштеп чыгуу үчүн ыңгайлуу аянтча болуп калды деген бирдиктүү пикирге келишти.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.