ВИДЕО: “Нурлан” аттуу жарандын дагы башка алдамчылык фактыларына тиешеси бардыгы аныкталууда

Окуялар тизмеги 12 Ноя 2020 10:12
0 ой-пикир

ИИМ КМК: Кармалган жарандын башка алдамчылык фактыларына дагы тиешеси бардыгы аныкталууда

Башында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге арыз менен жаран кайрылып, “Нурлан” аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Ал 2020-жылдын октябрь айында алдоо жолу менен транспорт каражатын оңдоп берем деген шылтоо менен жабырлануучунун «Тойота Камри» үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алып, андан соң изин жашырып качып кеткен. Кийин 5500 АКШ долларына башка бирөөгө сатып жибергендиги белгилүү болгон.
Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган. Сотко чейинки текшерүүнү жана иликтөөнү жүргүзүү максатында шектүүнүн өздүгүн, кайда жүргөндүгүн, чөйрөсүн тактоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Шектүүнүн жогорудагы кылмыш ишинен башка мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар болгондуктан ыкчам-иликтөө иш-чараларын тыкыр иликтөөгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери киришкен. ИИМдин КМКнын кызматкерлеринин күч-аракети менен жакында бир нече алдамчылык иш-аракеттерин жасоого шектелип жаткан жаран 1987-жылы туулган Дастанбеков Нурлан кармалды.
Андан сырткары, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин карамагында Дастанбеков Нурлан башка автоунаанын ээсинин ишенимине кирип, өз кызматын сунуштап, акча каражаттарын көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө видео бар.
Жогорудагы жаран региондордо көп сандаган ири мүйүздүү малдарды алдоо жолу менен ээлеп алууга шектелүүдө.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жарандарга кайрылат, бул жарандан жабыр тарткандар же укукка каршы иш-аракеттери жөнүндө кандайдыр-бир маалыматтарды билген болсоңуздар төмөнкү телефон номурланына кайрылууңуздарды суранабыз: 0507200075, 0700303804 жана ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгү -266261.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.