АКШнын президенти болуп Жо Байден шайланды

Окуялар тизмеги 08 Ноя 2020 09:35
0 ой-пикир

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп шайланды.

Байден расмий кызматка 2021-жылдын 20-январынан тарта киришип, АКШнын тарыхындагы 46-президент болуп калат. Пенсильвания штатында ал шайлоочулар коллегиясынын 20 добушун алды. Ага удаа эле Невада штатынын алты добушу да кошулду. Натыйжада Байден шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты.

Мындан сырткары Жоржия, Аризона штаттарында добуштар саналып бүтө элек. Бул штаттарда да Жо Байден Республикалык партиянын талапкери, учурдагы президент Дональд Трамптан алдыда бара жатат.

Трамптын шайлоо штабы Байдендин президенттикке шайланганы жөнүндө кабарды «шашылыш тараткан жалган маалымат» деп баалады.

Маалымат каражаттары Жо Байден 7-ноябрдын кечинде америкалыктарга кайрылуу жолдой турганын кабарлашты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.