Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгы белгиленүүдө

Окуялар тизмеги 02 Ноя 2020 19:31
0 ой-пикир

2020-жылы Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгы белгиленүүдө. Өздөрүнүн кесиптик майрамына карата ички иштер органдарынын өздүк курамы жакшы жыйынтыктарга ээ болушту. Ушул жылы милициянын бардык күч-аракети коомдук коопсуздукту камсыздоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, укук бузууларды алдын алууга, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө жумшалды. Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар бир нече топтор кармалды. Бишкекте банктарды тоногон кылмыштуу топ кармалды. Баңгизатты таратуучулар кармалып, ири көлөмдөгү баңгизаттар табылып алынган. Андан сырткары республика боюнча миңдеген кылмыштардын бети ачылды. Бардыгыбыз үчүн жана анын ичинде милиция үчүн 2020-жыл жетишерлик оор болду. Коронавирус илдети ички иштер органдарынын бөлүктөрүн уюштуруулук ишине жана жумушунун режимине өзгөртүүлөрдү киргизди. Өлкөдө киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаал маалында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги башка мамлекеттик уюмдар менен биргеликте ынтымакта иштешип, биздин жарандардын ден соолугун жана өмүрүн, коопсуздугун сактоого, коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүүгө өз салымдарын кошушту.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.