Жал кичи районунда жоголгон 5 жаштагы бала табылды

Окуялар тизмеги 31 Окт 2020 19:01
0 ой-пикир

2020- жылдын 27-октябрда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Жал кичи районунда жаш бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Н. Ж . аттуу аял 2016- жылы туулган С. А. аттуу кичинекей баласы короодо ойноп жүргөн боюнча дайыны жок экендиги, издеп таба албай жаткандыгын айтып, кызматкерлерден баласын таап берүүсүн өтүнгөн.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери Абдилкапаров У. жана Эшенкулов Н. ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп. Бир аз убакыттын ичинде жаш баласын таап, ата-энесине сак саламат өткөрүп беришти.

Өз кезегинде баланын апасы милициянын кайгуул кызматкерлери ыраазычылыгын билдирди.

Сүрөт атайын кызматтан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.