Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүү боюнча Улуттук Банкка, тийиштүү министрликтерге тапшырмаларды берди

Окуялар тизмеги 21 Окт 2020 11:58
0 ой-пикир

Президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров 16-октябрда «Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалыматты президенттин сайты 20-октябрда жарыялады.

Президенттин сайтында жарыяланган жарлыкта өлкөдө коомдук-саясий абалды тезирээк турукташтыруу максатында Конституциянын 65-68-беренелеринин негизинде Садыр Жапаров президенттин милдеттерин аткарууга киришип жатып токтом кабыл алганы жазылган.

Ага ылайык, Башкы прокуратура, УКМК, Чек ара кызматы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финансы полициясы), Ички иштер министрлигине аткаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз милдеттерин аткарышына көзөмөлдү күчөтүү, улуттук коопсуздукту камсыздоо, чек арадан мыйзамсыз өткөн учурларга катуу тыюу салуу, менчик укуктардын криминалга мыйзамсыз өтүшүнө, криминал менен кылмыштуу топтордун ишине тыюу салуу боюнча иштерди күчөтүү тууралуу тапшырмалар берилген.

Улуттук банк менен өкмөткө коммерциялык банктардын туруктуу иштешин камсыздоо, өлкөдөн капиталдарды мыйзамсыз чыгарууга бөгөт коюу милдети жүктөлдү. Өкмөткө ошондой эле мүлктү мыйзамсыз алып коюуга (рейдерлик басып алууга) жол бербөө, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жеке капиталды жана менчикти коргоо боюнча чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.