Улуттук банк 17,1 миллион доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү

Окуялар тизмеги 16 Окт 2020 14:39
0 ой-пикир

Кыргызстандын Улуттук банкы 15-октябрда 17,1 миллион доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү.

Улуттук банк маалымдагандай, бул кадамга акыркы күндөрү доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткени себеп болду.

2020-жылдын башынан бери Улуттук банк ушуну менен 14 жолу интервенция жүргүздү. Анда жалпысынан 303,3 миллион доллар валюта базарына чыгарылды.

Бишкектин валюта базарларында, valuta.kg сайтында учурда бир доллар 81,5 сомдон алынып, 81,53-81,90 сомдон сатылып жатат.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча 15-октябрда бир доллар 79,68 сомго барабар болсо, бүгүн, 16-октябрда 80,70 сомго көтөрүлдү. 

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.