Президенттин отставкасын депутаттар кезексиз жыйында карашат

Окуялар тизмеги 15 Окт 2020 17:54
0 ой-пикир

Эртең, 16-октябрь саат 10:00дө “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтөт. Күн тартибинде президенттин отставкасы каралат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 15-октябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткени тууралуу билдирүүсү президенттин расмий сайтына жарыяланган.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда Кыргызстандын президенти болуп шайланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.