Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кызматынан өлкөдө кырдаал турукташканда, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоо жарыяланган соң гана кетерин билдирди:
«Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров менен жолугуп, сүйлөштү. Жолугушууда премьер-министр «президент бүгүн кечинде кызматын тапшырышы керек» деген талабын койду. Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалда мамлекет башчылыгын таштап кете албай турганын, бул өлкөгө зыяны тийүүчү күтүлбөстүктөргө алып келиши ыктымал экенин баса белгиледи».
Анын маалыматына караганда, Жээнбеков Жапаровго 9-октябрдагы сөзүндө турарын, президенттик кызматтан Кыргызстанда кырдаал турукташып, баары мыйзам жолуна кайткандан кийин — парламенттик шайлоону өткөрүп, жаңы президентти шайлоо жарыяланган соң гана кетерин билдирген.
Садыр Жапаровдун өкмөт аппаратынын башчысы Бактыбек Аманбаев жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалыматы жок экенин айтып, бардык маселе сүйлөшүү жолу аркылуу чечилиши зарыл экенин «Азаттыкка» билдирди.
Сүрөт интернеттен алынды