Юристтердин билдирүүсү: Жээнбековдун өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу жарлыгы мыйзамсыз

Окуялар тизмеги 10 Окт 2020 08:47
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү тууралуу 9-октябрда чыгарган жарлыгы мыйзамсыз. Бул тууралуу Кыргызстан юристтери тараткан билдирүүдө жазылган.

Бүгүн, 9-октябрда президент Жээнбеков саат 20:00дөн тартып Бишкектин аймагында өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарды. Акыркы үч күндө Бишкекке кылмыштуу топтор агып киришкенин элдин баары билет. Бул убакта күч кызматтарынын айрым бир бөлүгү гана иштеп, көпчүлүгү криминалдын коркунучунан улам формаларын чечип коюшту. Президент атайын эле кылмыштуу топторго ээн-эркин шарт түзүп, ал эми аскерлерге элге каршы курал колдонуу укугун берип жаткансыйт. Саат 20:00дөн тартып, күч кызматтары элди өзгөчө абалдын талаптарын сактоого мажбурлап, курал колдонушу жаңы нааразылыкка, массалык башаламандыкка алып келет», — деп жазылган.

Билдирүүдө ошондой эле президент өзгөчө абал тууралуу жарлыкты чыгарган соң, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүүгө тийиш экени айтылган. «Бүгүнкү кырдаалда парламент жыйынга чогула албай жатканын эске алганда, жарлыктын күчүнө кириши али белгисиз», — деп белгиленген.

Кечээ, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык өзгөчө абал 21-октябрга чейин созулат. Саат 20:00-8:00 аралыгына чейин коменданттык саат болот. Кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат.

Президенттин жарлыгы Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген. Регламентке ылайык, парламент жарлыкты үч күндүн ичинде карашы керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.