Улуттук Банк кырдаалга байланыштуу финансылык уюмдарга иш убактысын саат 09.00дөн тартып 15.00гө чейин белгилөөсүн сунуштайт

Окуялар тизмеги 08 Окт 2020 10:29
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

маалыматтык билдирүүсү 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы калкты банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрү менен камсыз кылуу үчүн коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына (мындан ары – финансылык уюмдар) 2020-жылдын 8-октябрынан тартып кайрадан иштеп баштоону сунуштады.  

Эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды өз убагында алуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле калкты нак акча менен камсыз кылуу максатында, өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалды эске алып, финансылык уюмдарга иш убактысын саат 09.00дөн тартып 15.00гө чейин белгилөө сунушталат. 

Финансылык уюмдар калкка банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрүн сунуштоо ишин улантат, ошондой эле төлөмдөрдү жана которуу операцияларын улуттук төлөм системалары боюнча гана жүргүзөт. Нак эмес төлөмдөрдү жана которууларды өлкө ичинде жүргүзүүдө, онлайн кызмат көрсөтүүдө коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле банкоматтардын, POS-терминалдар менен төлөм терминалдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жагында чаралар көрүлөт. 

Чек ара аркылуу (өлкөнүн чегинен тышкары) төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берген эл аралык төлөм системалары боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү Улуттук банктын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин токтотулду. 

Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер боюнча финансылык уюмдарга алардын онлайн кызмат көрсөтүүлөрү аркылуу кайрылууну сунуштайт. Ал эми финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.