Мыктыбек Абдылдаев Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү

Окуялар тизмеги 08 Окт 2020 16:37
0 ой-пикир

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жаңы шайланган төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бул маалыматты мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева 24.kg маалымат агенттигине тастыктады.

“Мен буга чейин айткандай, Сооронбай Жээнбеков ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бүгүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Мыктыбек Юсупович менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду”, – деди ал.

Толгонай Стамалиеванын айтымында, Кыргыз Республикасынын башчысы ЖК спикерин жолугушууга чакырган.

“Сооронбай Жээнбеков, мыйзамдуу орган – Жогорку Кеңеш  жана ал мыйзамдуу президент катары укуктук талаага кайтуу жараянын тездетип, өлкөнү күтүү режиминен чыгарууга үмүт артат“, – дейт.

Басма сөз катчы белгилегендей, мамлекет башчысы учурдагы башкы милдет кырдаалды укуктук талаага кайтаруу экендигин айтты.

“Сооронбай Жээнбеков жаңы дайындоолор жөнүндө жарлыктарга кол коюуга даяр

“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө импичмент маселеси дагы көтөрүлдү. Президент учурда мен жогоруда айткандай, кырдаалды укуктук талаага кайтаруу, кадрдык дайындоолорду өткөрүү жана конституциялык ыйгарым укуктардын чегинде өз миссиясын аткаруу боюнча маанилүү маселени көрүп жаткандыгын баса белгиледи. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков ушул жана башка, анын ичинде өзүнө тиешелүү маселелерди талкуулоого даяр”, – деп билдирди Толгонай Стамалиева.

Ошондой эле президент учурда Бишкекте экенин кошумчалады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.