Эл Жогорку Кеңешке кирди

Окуялар тизмеги 06 Окт 2020 08:04
0 ой-пикир

6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер Кыргызстандын президенти жана парламенти отурган имараттын чыгыш тарабындагы дарбазасын бузуп, короосуна киргени кабарланды. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жарандык активист Улан Үсөйүн билдирди. Мындай маалыматты социалдык тармактарга бир нече колдонуучу да жазды.

5-октябрда Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери нааразылык акциясына чыгышкан. Кечке жуук милиция акциянын катышуучуларын күч менен таратып, ортодо кагылыш болгон. Баш калаанын борбордук бөлүгүндө кагылыштар түнү бою уланды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.