Рыскелди Момбеков: «Бул шайлоо тарыхындагы эң ыпылас шайлоо болду»

Окуялар тизмеги 05 Окт 2020 00:22
0 ой-пикир

«Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Рыскелди Момбеков, Жанарбек Акаев жана Тилек Токтогазиев парламенттик шайлоонун баштапкы эсеби жарыялангандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Рыскелди Момбеков бул шайлоо тарыхындагы эң ыпылас шайлоо болду деген оюн билдирди.

«Муну шайлоо деп айтканга ооз барбайт. Шайлоо эмес, жайлоо болду. Шайлоо боло электе эле билинип калган. Оппозициялык партияларга, элге мүмкүнчүлүк берилген жок. Социалдык тармактарда, «Азаттыкта» эмне деген гана мыйзам бузуу көрсөтүлбөдү? Бирок бирөөнө да чара көрүлгөн жок», — деген Момбеков БШКга мыйзам бузуу жөнүндө фактылар далили менен бериле турганын жана партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кыларын кошумчалады.

Жанарбек Акаев «Шайлоонун жыйынтыгы күмөндүү», «үч партия добуштарды жапырт сатып алды» — деп эсептеп, «мыйзамдуу түрдө радикалдуу күрөш» уланарын белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.