«Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын талапкерлери тынчтык митингин белгилешти

Окуялар тизмеги 05 Окт 2020 09:19
0 ой-пикир

Парламенттик шайлоого катышкан «Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын талапкерлери дүйшөмбү, түнкү бирде басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Эки партия 5-октябрда кыргызстандыктарды Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына саат 14.00гө тынчтык акциясына чакырышты.

«Олигархиялык топтордун, криминалдардын, уурулардын парламентке келишине жол бербешибиз керек. Ошондуктан ушул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча эртең бүтүндөй кыргызстандыктарды чакырабыз», — деди «Ата Мекендин» тизме башындагы талапкери Жанарбек Акаев.

«Уурдалган арам акчаны эл арасына бүлүк салып жумшагандарды эртең БШКга далилдеп беришибиз керек. Ошондуктан эртең Кыргызстандагы Опера жана балет театрынын астына чакырабыз», -деди «Республиканы» баштаган Мирлан Жээнчороев.

«Кыргыздын тарыхындагы эң ыплас шайлоо өттү. Азыркы бийлик байлардын, базаркомдордун, криминалдын барымтасында калды. Уурулардын барымтасында калды. Мындай шайлоого биз макул болбошубуз керек», — деди Рыскелди Момбеков.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.