Орусияда журналист өзүн өрттөп жиберди

Окуялар тизмеги 03 Окт 2020 15:09
0 ой-пикир

Орусиядагы «Koza Press» басылмасынын башкы редактору Ирина Славина бүгүн Нижегород облустук милициясынын имаратынын жанында өзүнө өрт койду. Алексей Навальныйдын штабы жана «Baza» булагы кабарлагандай, журналист эсине келбей жатып каза болду. Милиция өзүнө өрт койгон адамдын каза болгонун ырастап, маркумдун журналист Славина экенин тактаган жок.

Буга чейин Ирина Славина «Фейсбуктагы» баракчасына «менин өлүмүм үчүн Орусия Федерациясын күнөөлөгүлө» деп жазган болчу. Бейшембиде Славинанын кеңсесинде ишкер Михаил Иоселевичке козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүргүзүлгөн. Ишкер Орусияда тыюу салынган уюмдун ишин жүргүзгөн деп айыпталган.

Ирина Славина тинтүү жүргүзгөндөр анын бир нече буюмун алып кетишкенин билдирип, «эмне тапса, баарын — флеш-карттарды, менин, кызымдын ноутбугун, компьютерди, менин жана күйөөмдүн чөнтөк телефонун, бир нече блокнотторду алып кетишти» деп жазган.

Славина жетектеген «Koza Press» басылмасы Нижний Новгороддун бийлигин сындаган макалаларды жарыялап келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.