№6 “Ата Мекен”: Кыргызстандыктардын турак-жайга болгон конституциялык укугун ишке ашырабыз

Окуялар тизмеги 02 Окт 2020 11:48
0 ой-пикир

Кыргызстанда системдүү турак-жай саясаты жок. Мамлекеттик турак-жай саясаты – жарандардын социалдык коопсуздугунун кепилдиги. Ар бир адамдын сапатуу үй менен камсыз болушу үй-бүлө институтун жана мамлекетти бекемдейт.

“Ата Мекен” партиясы жарандардын турак-жайга болгон конституциялык укугун ишке ашырууну көздөйт.

Турак-жай саясатындагы жаңы дем:

  • Жеке жана көп кабаттуу турак-жай куруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана киргизүү.
  • Эмгек ресурстарына муктаждык же жумушка жайгашуу мүмкүндүгү бар калктуу конуштарда социалдык турак-жайларды курууга жер тилкелерин эч тоскоолдуксуз берүү.
  • Жер ресурстарын натыйжалуу колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн шаарларда жана облустук борборлордо жер тилкелерин толук инвентаризациялоо.
  • Өлкөнүн борбордук бөлүгүнүн сырткы көрүнүшүн, жайлуулугун жакшыртуу үчүн насыя каражаттарын жетиштүү өлчөмдө бөлүү. Мамлекет авариялык абалдагы жана эски үйлөрдү базар баасында сатып алып, алардын ордуна жаңы бийик имараттарды тургузуп, көчөлөрдү кеңейтиши керек. Мында сөзсүз түрдө веложолдор, унаа токтотуучу жайларды куруу эске алынат. Бишкектин борбору заманбап, кооз, ыңгайлуу жана жашыл аянтка айланышы шарт.
  • Республиканын шаарларын, биринчи кезекте Бишкек жана Ошту заманбап суу тазалоочу жана канализациялык станциялар, үзгүлтүксүз жарык, зарыл инженердик коммуникациялар менен камсыздоо.
  • Жаңы конуштарды керектүү инженердик коммуникация, анын ичинде көгүлтүр от, социалдык-маданий объектилер менен камсыздоо. Бул аркылуу массивдер аз кабаттуу үйлөрдүн престиждүү шаарчасына айланат.
  • Кичи шаарларды өнүктүрүүнүн өзүнчө программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү.
  • Шаарлардын жака-белиндеги ири дача кооперативдерине калктуу пункт макамын берүү. Муну менен андагы жашоочуларды социалдык камсыздоого жол ачылат (каттоого туруу, оорукана, төрөт үй, мектеп, бала бакча ж.б. пайдалануу мүмкүнчүлүгү).
  • Кыргызстандыктардын турак-жай менен камсыз болуу көрсөткүчүн кошуна өлкөлөр менен салыштырууга жол берчү деңгээлге жеткирүү – бир адамга 18 чарчы метр.
  • Бишкек жана Ош шаарлары жандооч-шаарларды курууга киришүүсү керек. Алардын ортосунда коомдук унаа үчүн ылдам магистралдар салынышы шарт. Бул жандооч-шаарлар борбор калаалардын жүктөмүн азайтат, эмгек ресурстарын жана шаар четиндеги өндүрүш объектилерин кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет, Бишкек менен Оштун социалдык мекемелерине түшкөн ашыкча жүктөмдү азайтат.

4-октябрь шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 02.10.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.