№6 “Ата Мекен” үгүт иштерин Караколдо жыйынтыктады. Элдин колдоосу күч

Окуялар тизмеги 02 Окт 2020 21:34
0 ой-пикир

   “Ата Мекен” партиясынын бир айлык үгүт кампаниясы бүгүн Каракол шаарында жыйынтыкталды. Жергиликтүү эл менен жолугушууга Жанар Акаев баштаган бир катар лидерлер, Ысык-Көл облусунан парламентке аттанганда — Бакыт Рыспаев, Бакыт Турдубеков, Акылбек Түмөнбаев катышышты.

 “Ата Мекендин” миңдеген тарапташтары атамекенчилерди чоң ишеним менен тосуп алып, лидерлердин ар бир сөзүнө ынанынып отурушту. Талапкерлер  “Жаңы дем” программасындагы негизги кадамдары тууралуу келгендерге маалымат берип, таза шайлоого чакырык ташташты.

   Жанар Акаев бул шайлоодо ак менен каранын, адал менен арамдын күрөшү жүрүп жатканын айтып, оппозициялык партияга карата куугунтуктар күч алып, жалпы өнөктүк административдик ресурстарды ачык колдонуу аркылуу өтүп жатканын баса белгиледи.

   “Сапатсыз бийликтен, экономикалык кризистен эл тажады. Бизге күчтүү парламент, күчтүү өкмөт керек. Кыргызстанды бүлүндүргөндөр, бандитттер  “форма-2ни” колдонуп, шайлоого бара жатат. Бажы, салык тармактарын талап-тоногондор, бүгүн элди акчага сатып алып, товарга айландырды.“Ата Мекенде” партиоттор чогулган. Биз жаңы идея, жаңы лидерлер, жаштар менен бириктик. “Ата Мекен” элди кыйынчылыкта таштап кетпейт. Кыргызстан үчүн бекем турган депутаттардын баары биздин катарда. “Ата Мекен” парламетте болгон, болду жана боло берет” — деди  Наталья Никитенко өз сөзүндө.

Рыскелди Момбеков болсо бүтүндөй бир доордун тагдыры 4-октябрда чечиле турганын эскертип өттү:

 “Кылым карыта турган бир күн болот экен, кылымды таарынта турган бир күн болот экен. Мына ошондой күн келе жатат,  4-октябрга аз калды. А бүгүн үгүт иштеринин акыркы күнү, акыйкаттын акыркы күнү. Биз таманыбыз менен тамагыбызды жеп жети облусту айланып чыккыча,  байлар акчасын сапырып 500000 добушту  чөнтөктөрүнө салып коюшуптур.  Жарым миллион  адамды үркүтүп, кыстап добуш алып жаткан биздин бийликтин үркүн учурундагы  падышалык бийликтен эмне айырмасы бар” — деген Рыскелди Момбековдун кеби шайлоочулардын колдоосуна алынды.

Чогулгандарды биримдикке чакырып,  колуна туу көтөргөн Тилек Токтогазиев гимн ырдап, “Илгери душманды кылыч менен чапса, силер калемдин учу менен жыккыла”, — деп чакырык таштады.

4-октябрь шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 02.10.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.