№6 “Ата Мекен”: Биз сөз эркиндигин коргойбуз!

Окуялар тизмеги 01 Окт 2020 11:45
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасы жарандык коому менен сыймыктанса болот. Жарандык активисттер эл арасында чыныгы авторитетке айланып, демократиялык баалуулуктарды коргоп, жайылтып жатышат. Бирок Кыргызстанда адам укуктары толук сакталып, эркиндиги сыйланат, жарандык коому болсо эч тоскоолдуксуз өнүгүп жатат дегенге али эрте.

Бул багытта №6 “Ата Мекен” партиясы төмөндөгүдөй кадамдарды белгиледи:

  • Биз адам укугу жаатындагы бардык репрессивдик, анын ичинде эл аралык мыйзамдарды бузган, сөз эркиндигин жана өкмөттүк эмес сектордун өнүгүшүн чектеген мыйзамдарды артка кайтарууну талап кылабыз.
  • ИИМ, УКМК тармактарын жарандык укуктук көзөмөлгө алуу системасын киргизүүнү талап кылабыз.
  • Эркинен ажыратылгандардын кармалуу шартын, медициналык тейлөөсүн жакшыртууга аракеттенебиз.
  • ММКда, анын ичинде КТРКда сөз эркиндигинин сакталышын, мамлекеттик ЖМКлар бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрүнө бирдей жеткиликтүү болушун талап кылабыз.
  • Мыйзамга каршы, экстремисттик, аймактар, улуттар, диндер аралык ажырымга ачык чакырыктар болбосо, мамлекеттин колдонуучуларды саясий өңүттө  куугунтукка алышына, интернетте сөз эркиндигин чектөө  аракеттерине каршы турабыз.
  • Жарандардын экологиялык укуктарынын корголушун көзөмөлдөгөн системанын киргизилишин колдойбуз.

4-октябрда шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 01.10.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.