Рыскелди Момбеков: Биз биринчи кезекте мамлекетти башкаруу системасын реформалайбыз

Окуялар тизмеги 30 Сен 2020 15:43
0 ой-пикир

Бүтүндөй кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк тапкан, кыргыздын үмүтү, сүйлөгөндө тилинен чаң чыгып, байыркы Демосфен менен Аристотелден кем сокпогон чечени, акыйкат дегенде айбалтасын асынып артка кайтаган  чыгаан азаматы – Рыскелди Момбековго шайлоо алдында бир катар суроолорду узаттык.

— Рыскелди мырза, чындыкты сүйлөгөндөрдү жерип, кошоматчыларды коргогондор көбөйгөн заманда сизге бут тоскондор көп болсо керек?  

— Эл оозунда жүргөн адам кеп-сөзгө аралаша берет эмеспи. Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт дегендей. Ким дос, ким кас экенин аныктоонун өзү оор. Мисалы, жакында эле “Момбековду  таластыктар талап, айылынан кууп чыгышты” деген видео таркатышты. Бул Момбеков менен Акаевдин шайлоо алдындагы дүркүрөп өсүп бараткан рейтингине ичи тарыгандардын атайын уюштурган кутумдугу да. УКМКнын мурдагы, кийинки жетекчилери  “конторанын” колунан жаралган “интермедия” экенин тастыкташты. Жөн жерден жалаа жаап, чындыкты айтып чыккандарды чымчылап, багалегинен ылдый тартып турбаса, башы ооругандар, тилекке каршы, коомубузда абдан көп.

— Ачыгын айтканда, бийликке сын айткандар саналуу эле. Жогорку Кеңеште пикирлештериңиз кимдер?

 Кыргызстан деп жан үрөп турган саясатчылар, бийлик өкүлдөрү бизде  бир топ. Менин позициямды, көз караштарымды жактырып, ырахматын айткан  министрлер, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү бар. Алар мени ачык колдоп чыга  алышпаса да, тымызын дем берип келишет.

“Ата Мекендин” артыкчылыгы эмнеде? 

Креслону минип алып, оозу менен орок оруп отурган айрым эл өкүлдөрү бир мөөнөт иштеп ээлигип, экинчи чакырылышка катышуу максатына жетпей катардан кулайт. Өмүрбек Текебаев алты чакырылышта тең депутат болгон адам. Демек, анын эмгегин эл билет, баалайт. Ошон үчүн ар шайлоодо колдоочулары кубаттап шайлап алышат. Ата Мекен” — аракеттеги ардагер партиялардын бири. Оппозициялык багытта, кайсы бийлик келбесин, катасын көзүнө сайып көрсөтүп, ак-караны айырмалай алган курч пикири бар. Эми минтип прогрессивдүү, мекенге кызмат кылам деген жаштар менен толукталып отурат. Жаңыланган курамдагы жаштарга дагы түрдүү сөз айтылып жатат. Бул дагы жөндүү маселе, анткени мурдагы шайлоолордо жаштардын, аял кишилердин жүзүн  фонограмма аткарган ырчылардай пайдаланып, мыйзамсыз иштерин, алсыз авторитетин жашырган акчалуулар көшөгө артында турушкан. “Учуру келгенде жаштар көмүскөдө калып кетет, алардын жооптуу кызматтарга тартылуусу, мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга, талкуулоого  катышуусу ишке ашпайт, баягы  эле эскилериң парламентти тейлейт ” деген  туруктуу ойдун таралышы ошондой  “аферист” саясатчылардын кесепетинен жаралып жатат.

—  Системаны жаңыламайын оңойлбойбуз деп жүрөсүз. Оңдоо үчүн, мамлекеттик башкарууну кризистен чыгаруу үчүн сунуштарыңыз барбы?

— Бул башкаруу системасындагы кризиске тигил же бул президент эмес, жалпы эле президенттик институттун өз ыйгарым укуктарынан аша чапканы себеп болуп жатат. Ошол эле учурда парламентибиз да алсыз, өз бийлигин, өз үнүн, позициясын тарттырып жибербедиби. Биз биринчи кезекте башкаруу системасын реформалайбыз. Децентрализация жана дерегуляция ишке ашат, башчка айтканда, бардык маселени борбордон чечүү жоюлуп, бийлик, жоопкерчилик аймактарга берилет. Бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюп, чиновниктер армиясын үч жыл аралыгында 30%га кыскартабыз деген так позициябыз бар. Эң башкысы конституциялык түзүлүштү калыбына келтиребиз. Премьер-министрге чыныгы ыйгарым укуктар жана жеке жоопкерчилик берилет. Президент болсо өз ыйгарым укуктарынан аша чаппаган, сот ишине аралашпаган калыс арбитр болот. Шайлоо системасын да жаңылайбыз: босогону 3%га чейин төмөндөтүп, преференциалдык шайлоо системасын киргизебиз. Бул дегени шайлоочу партияны гана эмес, анын ичиндеги талапкерлерди да тандай алат деген сөз.

 —Шайлоочуларыңызга айтар сөзүңүз?

Биздин саясий айдыңда отуз жылдан бери ошол эле кишилер, ошол эле көздөр, ошол эле сөздөр, ошол эле адамдар. Өкмөттөн кетсе, парламентке барат, парламенттен кетсе, өкмөткө барат. Алтынчы чакырылышта депутат болгондордун, Жанар экөөбүздүн кесиптештерден 74 депутат кайра шайлоого бара жатат. Бул алардын атасынан калган орун эмес да?! Андыктан, тарыхты чече турган, тайгак кечүүнү кече турган маалда эл жоопкерчиликти өз колуна алышы керек. Азыр эң күчтүү бийлик — элдин колунда. Сиздердин добушуңуздар — бийликтин ээси. Бул бийликти базаркомдорго, банкирлерге, бандиттерге байлап берсеңер — шорубуздун катканы. Андыктан бала-чакабыздын, журтубуздун келечегин туура тандайлы!

4-октябрда шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!

Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 30.09.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.