“Ата Мекен” №6: Бизде премьер-министрликке татыктуу талапкер бар

Окуялар тизмеги 30 Сен 2020 12:21
0 ой-пикир

 Азыркы тапта парламентте да, өкмөттө да тажрыйбалуу кадрлардын тартыштыгы бар. Андыктан реформа жүргүзүү  учур талабы. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаев КТРКдагы дебатта билдирди.   

Катарыбызды  жаштар, дасыккан адистер, билимдүүлөр менен толуктадык. Чет элдик окуу жайларда билим алып, тажрыйба топтоп кайткандар арабызда арбын. Биздин талапкерлер – коомго кызмат кылган, кайсы бир тармакта майын чыгара иштеп, өзүн көрсөтө алгандар. Убагында экономика министринин орун басарлык кызматын аркалап, корррупцияга каршы күрөшүүгө эбегейсиз салымын кошкон Эльдар Абакиров да “атамекенчилер” менен бирге. Ал — накта профессионал. Биз аны премьер-министрлик кызматка көрсөтөбүз”, — деди Жанар Акаев.

   Ошондой эле партия лидери мамлекеттик секторду реформалоого “Жаңы Дем” программасында өзгөчө көңүл бурулганын баса белгиледи.

   “Сарамжалдык менен жупунулукту бийликтин бардык бутактарында саясаттын жаңы тренди катары калыптандыруу зарыл. Кымбат кызматтык унаалар, казынанын эсебинен иш бөлмөсүн жасалгалоо, мамлекетке пайда алып келбеген сансыз кызматтар жок болушу керек. Бул талаптар Жогорку Кеңештин депутаттарына да тиешелүү. Өтө зарыл болбогон тармактын бардыгында үнөмдөөнү жайылтуу зарыл. Мамлекеттик чыгымдар жана сатып алуулар  ачык болуп, жарандар каражаттын кайсы жакка коротулуп жатканынан толук кабардар болуп туруусу керек” – деп №6 “Ата Мекен” партиясынынын программасында берилген.

Мындан сырткары мамлекеттик кызмат системасына КРI (Key Perfomance Indicator) технологиясын, тактап айтканда, ишмердүүлүктү негизги көрсөткүчтөр боюнча баалоону киргизүү каралган. Бардык тепкичтеги мамлекеттик органдардын, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө коомдук көзөмөлдүн сапатын жакшыртуу демилгелери “Ата Мекендин”   шайлоо алдындагы программаларында толук көрсөтүлгөн.

4-октябрда шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!

Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 30.09.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.