Уланбек Жураев: Жаңы дем менен жаркын Кыргызстанды курууга аттандык!

Окуялар тизмеги 29 Сен 2020 14:01
0 ой-пикир

Уланбек Жураев жогорку окуу жайын Швециядан аяктап, чет элдик ири компанияларда эмгектенген. Ошол өнүккөн өлкөлөрдүн биринде калып, келечектүү жолду тандаса деле болмок. Бирок көөдөнүндөгү эли-жерим деген атуулдук ариети ага тынчтык берген жок. Изги тилек, илгери үмүт менен мекенине кайткан жаш жигитти – сазга баткан экономика, чириген система, мамлекеттик органдардагы бюрократия, жакырданган, жарымы мигрант болуп кеткен эли күтүп алды. Алган билимин, аздыр-көптүр  топтогон тажрыйбасын Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жумшап, мекенинин  жаңы демин ачууга бел байлаган Уланбек Жураев чоң саясатка аттанды.

— Сиздин чоң саясатка аттануудагы максатыңыз?

— Саясатка аралашуу үч уктасам, түшүмө кирген эмес. А бирок өлкөбүздө болуп жаткан оош-кыйыштар, экономикалык каатчылык, элдин оор турмушу жана ишкерлерге болгон кысымдар парламенттке аттануума түрткү берди. Бизнесте жүрүп каалайсыңбы-каалабайсыңбы өкмөт менен мамиле кылууга туура келет экен, тармактардагы мүчүлүштүктөрдү көрүп унчукпай коюуга болбой калды. Ачыгын айтыш керек, Кыргызстанга келген инвестициялык ресурстар, алынган кредит-гранттар максаттуу пайдаланылбайт. Мисалы, бизге Сингапур, Япония, Германия жана Орусия баштаган бир катар мамлекеттерден ири суммадагы инвестициялар, кредиттер келген. Ал каражаттарга көзгө көрүнөөрлүк көп иштерди жасасак болмок. А бирок биздин төбөлдөр жең ичинен иш бүтүрүп, мамлекеттин мүлкүнө кол салып, жеке кызыкчылыктарына же чөнтөгүнө пайда алып келген башка тармактарга колдонуп көнгөн.            

— Шайлоого аттанган партиялардын бир тобу сизди катарына чакырган чыгаар. Эмне үчүн “Ата Мекенди” тандадыңыз?

Ар бир талапкер шайлоого аттанаарда өз максатташтарын издейт.  Кызыкчылыктары төп келген, купулуна толгон партияларга ыктайт. Жашырганда эмне, мени өз катарына кошууну самагандар көп болду, ага карабай “Ата Мекен” партиясын тандадым. Анткени чындыкты беттеп, адилеттүүлүктүн туусун көтөргөн оппозициячыл топтун арасынан өзүмдү көрдүм. Бийликтин арыгын чапкан партиялар менен парламентке барсам, тилимди тишиме катып отурууга чыдамак эмесмин.

-Элдин жакшы жашоосун камсыздоо үчүн эмне кылса болот?

-Жаңы бурулуштарга жол ачуу учур талабы. Эскирген системаны жоюп, реформалардарды ишке ашыруудан коркпошубуз керек. Эгемен өлкөдө эркин жашоо кечирүү ар кимге эле буйруп жаткан жок. Андыктан Кыргызстанды көздүн карегиндей асырап, тартылган инвестицияларды келечек үчүн максаттуу пайдаланалы. Мен ар бир азаматты мекенчилдиккке, адал иштөөгө чакырам. Телекоммуникация жана курулуш тармагында, бизнесте топтогон тажрыйбам менен өлкөнү өнүктүрүүгө болгон күчүмдү жумшайм. Колдо бар ресурстарбызды туура пайдаланып, башкаларга жем болууга чекит коёлу.

«Ата Мекен» саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 29.09.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.