Эльвира Сурабалдиева, “Ата Мекен” №6: “Элдин келечегин 2000 сомго сатпагыла”

Окуялар тизмеги 29 Сен 2020 19:12
0 ой-пикир

3,5 миллион шайлоочунун 500 миңин форма-2 менен каттап, добуштарын 2000 сомго сатып алып жатышат. Өлкөнүн келечегин 2000 сомго соодалабагыла. Силердин добушту сатып алган акча – өзүңөрдүн чөнтөгүңөрдөн, пенсияңардан уурдалган акчалар. Мындай пикирин “Ата Мекен”№6 партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиева Ак-Талаа районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

 “Акыйкаттык бар, чындык бар жана тилекке каршы уурулар дагы бар. Алар бизге окшоп өлкөнү түрө кыдырып, эл алдына чыга алышпайт. Анткени беттери чыдабайт. Алар ар бир райондон, айылдан чыккан таза, жаш улан-кыздарды беттерине кармап, чөнтөктөрүнө  акчаларды салып берип, тараткыла деп жөнөтүштү. Бирок ал мамлекеттен тонолгон, контрабандадан түшкөн, бажыдан урдалган акчалар. Балдарыңардын, элдин келечегин сатпагыла. Ууру, кошматчы, өзүңөр ат койгон “чимкирик” парламент кайра келеби  же патриот, эл үчүн кызмат кыла турган таза адамдар келеби сиздер чечесиздер”, — деди Сурабалдиева.

Анын айтымында, беш жыл парламентте отурган депутаттардын арасында чындыкты айткандары, акыйкаттык үчүн күрөшкөндөрү аз болду.

Мен беш жыл парламентте олтурдум. Депутаттардын арасында “жеке компаниялардын карызын кечип коелу” деп мыйзам жазгандары болду. 600 млн өлчөмүндөгү каражатты бюджетке түшүрбөө үчүн эки жолу мыйзам сунуштагандары да бар. Аларга ким каршы чыкты? Баягы эле, Акаев, Момбеков, Никитенко, Нурбаев жана Сурабалдиева. Пандемия каптап, эл алсырап, өлүм менен алышып жатканда депутаттар кайда болушту? Ким элге жардам колун сунду? Эл ичинен чыккан Тилек Токтогазиевге, Эльдар Абакировго окшогон жаштарыбыз миңдеген өмүрлөрдү сактап калышты. Эми бизге телефон чалышып, “Ата Мекендин” аброю аймактарда артып жатат, бирок 4-октябрь күнү административдик ресурстар колдонулат. Участоктордо туруп, бийликтин партиялары менен салгылашпасаңар уттуруп коёсуңар дешүүдө. Бирок биз элибизге ишенебиз. Биз мансапка, байлыкка эмес элге таянабыз. Биз, жаштар  Ата Мекен үчүн бир муштумдай бириктик”, — деп белгиледи Сурабалдиева.

“Ата Мекен” партиясы шайлоого “Жаңы Дем” программасын алып чыкты. “Атамекенчилердин” катарында ар кимиси өз тармагында ийгилик жараткан, жаш, прогрессивдүү, кесипкөй адистер чогулган.

Алга «Ата Мекен» — №6!

«Ата Мекен» саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 29.09.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.