Жанар Акаев: туугандашкан, кландашкан топко “Ата Мекен” гана каршы тура алат

Окуялар тизмеги 28 Сен 2020 17:21
0 ой-пикир

Бул жолку шайлоо өнөктүгү тарыхта болуп көрбөгөндөй ыплас технологиялар менен коштолууда. Бардык жакта административдик ресурс колдонулуп, ачыктан-ачык добуш сатып алышууда. Ошол эле учурда  “Ата Мекен” партиясы ар кандай мүнөздөгү бут тосууларга, тоскоолдуктарга бет келип жатат. Бул тууралуу «Ата Мекендин» тизме лидери Жанар Акаев шайлоочулар менен жолугушууда билдирди.

«Мындан туптуура эки ай мурун Кыргызстанды коронавирустун толкуну каптап, карайлап турганда бийлик дарыгерлерди алкап, баарыбыз аларды “азыркынын баатырлары” деп атадык эле. Бүгүн реалдуулук таптакыр башкача. Азыр бийлик ак халатчандардын, аларга кошуп мугалимдердин, мамлекеттик кызматкерлердин паспортторун чогултуп,  “ар бириңер ондон добуш алып келесиңер” деп кордоп жатканы кандай?! Бул – эки жүздүүлүктүн жеткен чеги!» — дейт Акаев.

Анын айтымында, азыр акча менен абийирдин, адал менен арамдын, ак менен каранын күрөшү жүрүп жатат. Ака-ука, кудаа-сөөк, бажалардын жоон тобу бул ирет бийликтин баарын колго алууну көздөдү.

«Алар мамлекеттин бүтүндүгү, өлкөнүн өнүгүүсү, жана балдардын жаркын келечеги үчүн жандалбастап жатат дейсизби!? Алар азыркы майкөл-сүткөл жашоосун уланткысы келет, жеке керт башынын, бизнесинин кызыкчылыктары үчүн бир ууч топко кың этпей кызмат кылуусун уланатат. Ал ортодо Кыргызстан аябай оор абалга кептелип турат — экономикалык, кадрдык кризисте. Мамлекеттик карыз 5 млрд доллардан ашты, анын басымдуусу Кытайга туура келет. 2023-жылдан тарта карыздарды эселеп кайтаруунун активдүү фазасы башталат. Бюджеттеги таңкыстык болсо 30 млрд сомдон ашты. Жөндөмсүздүгүн эбак далидеп койгон атманинерлерден, байлыгына чиренген көпөстөрдөн куралган партиялар ошол маселелерди чечүүгө кудуреттүүбү? Карызды кайтарууга дараметибиз жетпесе, өлкөнүн стратегиялык объектилери тараза ташына коюлбайт деп ким кепилдик бере алат?!Кенибиз же бир тилке жерибиз үчүн ким жан күйдүрө күрөшө алат? Ошол тобокелдиктерди эске алганда парламентке “Ата Мекендей” принципиалдуу партиянын келиши болуп көрбөгөндөй актуалдуу экенин ким тана алат?» — дейт лидер.

 Жанар Акаев алыс барбай, өткөн чакырылыштагы эле депутаттардын позицияларын эске салды:

 «Күмтөрдөгү эки чоң – Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн  талкалоого ким уруксат берди да, ким ага каршы күрөштү? Демократияны, элдин эркиндигин чектеген мыйзамдарга, саясий камоолорго кайсы партия каршы туруп келди? Корруцияны көзгө сая көрсөтүп, бийликтин чабалдыгын ким ачык сындап турду? Азчылыкты түзсөк да, биздин чындык үчүн чыркыраган үнүбүз угулуп, бийлик биз менен эсептешүүгө аргасыз болуп жатты го!Адилеттүү коом, өнүккөн өлкө үчүн ошол күрөштөгү биздин — элдин үнү дагы да өктөмүрөөк, дагы да натыйжалуураак болушу үчүн “Ата Мекен” парламентке жетиштүү мандат менен келиши керек. Анткени, биз бийликтин чекесине чыккан чыйкан, кекиртегине тыгылган кылкан болобуз», — деп белгиледи Акаев.  

«Ата Мекен» саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 28.09.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.