Көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти

Окуялар тизмеги 28 Сен 2020 07:58
0 ой-пикир

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы «FM LOGISTIC» (кампа комплекси) логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары оор жаракат алган. Окуя болгон жерде элчиликтин консулу Россиянын прокуратура, тергөө комитети жана Москва РИИБ өкүлдөрү менен жолугуп, ишти объективдүү иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.

Кырсыктан жапа чеккен мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.

«Элчиликтин кызматкерлери менен «FM LOGISTIC» компаниясынын жетекчилиги сүйлөшүп, жыйынтыгында компания кырсыктаган бардык КР жарандарына материалдык жактан колдоо көрсөтүп, медициналык камсыздандыруу алып берүүнү убадалады. Азыркы тапта тиешелүү тараптардын өкүлдөрү оор абалдагы бейтаптардан кабар алуу үчүн Красногорск жана Солнечногорск шаарларындагы ооруканаларга чыгып кетишти. Медициналык жардамды ыкчам көрсөтүү үчүн айрым бейтаптар ооруканага тик учак менен жеткирилген»,— деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар мындан тышкары Ступино, Чехов, Серпухов, Подольск, Коломна, Домодедово райондук ооруканаларына да жаткырылганы кошумчаланды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Тергөө комитетине, Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине атайын каттарды жибергени кабарланды.

Маселени КРдин Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алды.

Сүрөт «Московский комсомолец» сайтынан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.