Баткен Шерниязов: «Бокемдин жолун улантууга бел байладым»

Окуялар тизмеги 28 Сен 2020 17:03
0 ой-пикир

Кыргыздын чыгаан уулдары Болот, Садык Шерлердин бир тууганы, дагы бир шер — Баткен мырза депутаттыкка аттанды. Ал –  агаларындай эле маданият үчүн жан үрөгөн азаматтардын бири. “Манас Мурас” фондун негиздеген, өзү да манасчы. Ката баскан кадамды көргөндө, карап тура албаган сапат Шерниязовдордун канында бар эмеспи, Баткен Шер да агаларынын адилеттүүлүк үчүн күрөшүн татыктуу улантаары талашсыз.

                                       Баткен-Абылкасым

   Киндик каным тамган жер — Баткен. Атам 16 жыл түштүктө иштеген. Ал кезде Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандары жалпысынан Ош облусу деп аталчу эмес беле. Андарак, Исфана, Катран, Лейлекти кыдырып, орун которуп жүрүп, мен туулган жылы Баткен районунда туруп калышкан. “Неберелүү болдуңар” деп Таласка кабар айттырышса, кубанычтуу жаңылыкты уккан чоң атам менен чоң энем “куттуу жерде төрөлдү, атын Баткен койгула” дешет. Атам улуулардын сөзүн кыя өтө албай, “макул” деп коюп, бирок көкүрөк күчүгүмдүн аты Абылкасым болсун дептир. Бул Баткендеги чоң такыбаа молдонун аты экен.

   Атам гана өмүр бою Абылкасым деп өттү, калгандар үчүн Баткенмин. Өзгөчө “элде жок” ысым болгондугу үчүн таң калып, ишенбегендер болот. Москвада окуп жүргөндө бир жигит менен таанышып калдык. Кол берип, атым Баткен десем, меники Өзгөн дебеспи. Какшыктап атасыңбы дегендей көз караш менен бир саамга тиктешип турган соң, экөөбүз тең кептин төркүнүн туюп калдык да, аябай күлдүк. Кыргыздарда жер-суунун аты ыйгарылган биздикиндей ысымдар көп эле. Мен өзүмдүн атым менен сыймыктанам.

                    Улуттун уюткусу үчүн күйгөн Шерниязовдор

   Биздин таятабыз — таластык айтылуу Назар манасчы, камчынын бир бүлдүргүсүн бир жума айтчу экен. Манасты айтканда мөндүрдөй төккөн кадимки Балык манасчы таятамды устат тутунуп, коштоп жүрчү дешет. Ал эми чоң атабыз Шернияз комузда кол ойноткон шыктуу адам болуптур. Биз ушундай таланттардын урпактары болобуз. Алардын канынан бир тамчыдан өтсө деле, биздеги маданиятка, улуттун уюткусуна, баалуулуктарга болгон сүйүү ойгонгондур. Улутту улут кылган анын тили, көөнөрбөс элдик чыгармачылыгы деген ураан менен Садык Шер “Айтыш” фондун негиздесе, раматылык Болот Шер көкбөрүчүлөргө тирек болуп берди. Мен манасчылардын башын бириктирип, “Манас Мурас” фондун түптөдүм.

Унутта калган улуу мурасыбыз — “Манасты” жаш муундун көкүрөгүнө сала алдык

   2003-жылы Садык байкем чакырып: “Баткен, бир амалын таап манасчыларды колдобосоң болбойт. Абалдары оор, дем берип, алга сүрөгөн бирөө чыкса, төкмөлөрдөй кулпурат эле”, — деп калды. Айткандарын ынтаа коюп укканым менен, өзүмө ишене албай турдум. Анткени, иштеримди бир калыпка сала албай жүргөм. Ар кайсынын башын кармап, айтор анча-мынча карыздарым да бар болчу. Акыбалымды айтып, эптей албайм го десем, “Манастын өзүнө жараша деми бар, ата-бабаларың сени колдойт” — деп шыктандырып койду. Эки анжы жүргөн кезимде айныткандар дагы болду. Акыры жараткандын колдоосу менен фонд түптөлүп, иштеп баштады. Жеңил болгон жок. Моюндагы карызым, артымда үй-бүлөм. Тапканымды жубайыма көрсөтүп-көрсөтпөй манасчыларга ташып, кошо машыгып жүрүп, системалуу иштин жыйынтыгында фонддун ишмердүүлүгү мөмөсүн берди. Бир муун манасчылардын мектеби тарбияланып чыктык. Унутта калган улуу мурасыбызды жаш муундун көкүрөгүнө сала алдык. 

                Калыпка түшкөн системаны өзгөртүү оңойго турбайт

   “Баткен, татыктуу адам болууну өзүңдөн башта, үй-бүлөңдү жер каратпа, жакындарыңды намыска жыкпа” деп өзүмө-өзүм көп айтам. Саясатка барам деген чечимди дагы дароо кабыл алган жокмун. Анткени калыпка түшкөн системаны өзгөртүү оңойго турбашын туюп турам. Адилетсиздикти, ката баскан кадамды көргөндө, карап тура албаган сапат Шерниязовдордун баарында бар. Мен үчүн журттун кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Кошомат кылып, кадыр-барк күтпөй эле койдум.

   Калк арасында миң түрдүү адам бар. “Жалгыз өгүз кош болбойт” дейт кыргызда. Болгону максатташ, тилектеш адамдар элибиз үчүн бир муштумдай биригип, мамлекеттин сокосун кошо тартышыбыз керек. Айтылган сынга чычалабай, кемчиликти жоюп, туурасы болсо колдонуп дегендей. Баштаган ишти ара жолдо таштабасак эле натыйжасын бермек.   Тарыхта бир эле адам бир муундун, жалпы коомдун пикирин өзгөртүп койгон фактылар бар. Жок дегенде жанымда жүргөн эки адамды оңдосом — ошол менин жеңишим.

                     Бокемдин жолун улантууга бел байладым

   Мен дагы бир кезде улуу муундагы саясатчыларды кеп кылып, жаштарга орун бошотпойбу деп калчумун. Бирок саясатта тажрыйбанын, саясатчынын салмагынын опол тоодой орду болоорун анчейин аңдабасам керек. Азыр Бокемдин көзү тирүү болсо, адатынча эле айгайлап “Ата Мекен” үчүн башын сайып иштеп жүрмөк. Мен дагы адатымча, сыйыма кошуп, сынымды айтып тураар белем… Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн деген сөздүн маанисин эми түшүндүм. Азыр Өмүрбек Чиркешовичти көрсөм, Бокемди көргөндөй болом. Текебаев жүрсө Бокем жанында жүргөндөй туюлат. Эки “атамекенчинин” башынан эмнелер өткөн жок. Бирок бүгүнкү демократиялуу Кыргызстандын түптөлүшүндө бул адамдардын салымы чоң. Кыргызстандын жаңы тарыхын жаратуучулардын башында турган Текебаев менен Болот Шер экенин тана албастырбыз. Балким, агам тирүү болсо, саясатка деле жолобойт белем ким билет? Бүгүн мен Бокемдин салып кеткен жолун улантууга бел байладым. Башка партияны жандап кетсем, бул кылыгымды Болот Шер, анын тарапташтары эч качан кечирбесе керек. Бирок мен Шерниязовдордун жолун улап гана “Ата Мекенге” келген жокмун. Партиянын жаш, профессионал, максаттары бийик, жүрөктөрү таза командасы, өлкөнү өзгөртүүгө арналган ынанымдуу программасы бар. Биз Ата Мекен үчүн бир муштумдай бириктик!

Алга «Ата Мекен» — №6!

«Ата Мекен» саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 28.09.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.