«Орусия менен учурдагы мамилелерибиз эң жогорку деңгээлде», — президент

Окуялар тизмеги 26 Сен 2020 18:31
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген маегинде Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилелери жөнүндө айтып, Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин эске салды.

«Биз Россия менен кызматташтыкка чоң маани беребиз. Азыркы учурдагы мамилелерибиз эң жогорку деңгээлде», — деп баса белгиледи ал.

Президент эмки аптада Россия Федерациясына иш-сапары менен барарын, Президент Владимир Путин менен жолугушуп, эки тараптуу дагы, көп тараптуу дагы бир катар кызматташуу маселелерин талкууларын белгиледи.

«Өзүңөр билгендей, быйылкы жыл биздин өлкөлөрдүн Эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Бирок, пандемиядан улам көп иш-чараларды өткөрө албай калдык. Азыр эпидкырдаал бир аз турукташа баштаган учурда, ушул жумада өкмөттөр аралык комиссиянын 22-жыйыны бизде, Бишкекте өттү. Бул — Эриш-аркак жылдын биргелешкен программасынын алкагындагы маанилүү иш-чара. Өкмөттөр аралык комиссия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча маселелерди карады. Бул жыйынга катышуу үчүн келген делегациянын жетекчиси Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Логвинович Оверчук менен жолугуштум. Биз соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле энергетика тармагындагы маселелерди дагы карадык. Кээ бир иш-чаралардын мөөнөттөрүн өзгөртүү боюнча Россия тарап менен сүйлөшүп жатабыз. 2020-жылдын аягына чейин айрымдарын өткөрүп, айрымдарын, анын ичинде Эриш-аркак жылынын жабылыш аземин 2021-жылга жылдырдык», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков келип чыккан кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракеттер жумшаларын билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.