Жасалма виза жасаган жердешибиз кармалды

Окуялар тизмеги 21 Сен 2020 09:47
0 ой-пикир

Бул тууралуу түркиялык «Ихлас» кабар агенттиги маалымдады. Кабарда 19-сентябрда Анталия шаарында «чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого жасалма визасын берген» деген айып менен кыргызстандык Ш.Т. жана түрк жараны А.О. камакка алынганы жазылган.

15-сентябрда Анталия шаарында полициянын рейди маалында кыргызстандык мигранттын визасы жасалма болгону тастыкталган. Мигрант мекендеши Ш.Т.га 3300 лира (440$) бергенин жана ал Түркиянын Миграция департаментинен виза алып бергенин, анын экенин билбегенин айтып берген. Бул окуядан кийин Анталия шаардык полициясы атайын операция уюштуруп Ш.Т. жана А.О.ну камакка алышкан. Полиция операцияда шаардагы бир кеңседе жасалма мөөр жана документтерди конфискациялаганы кабарланды.

Анталия шаардык прокуратурасы Ш.Т. жана А.О.го «Алдамчылык» жана «Мамлекеттик документти жасалмалоо» беренелери боюнча айып коюлуп, сот аларды камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесине ылайык, бул өлкөдө расмий документтерди жасалмалаган адам эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.