Маркум 57 жашта болчу, өкмөттө өлкөнүн агрардык жана азык-түлүк тармагын тескеген жетекчилик кызматта иштеп келген.
Өзбекстандын вице-премьери Уктам Барноев коронавирустан каза болду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Маалыматты Бухара облусунун акмимчилиги тасыктаганы айтылат.
Барноев 57 жашта болчу, өкмөттө өлкөнүн агрардык жана азык-түлүк тармагын тескеп келген.
Вице-премьер июль айынын соңунда COVID-19 жуктуруп алганы аныкталып, ошондон бери жеке менчик клиникада дарыланып жаткан.
Сүрөт интернеттен алынды