ВИДЕО: Скверде пианино талкалаган жаран кармалды

Окуялар тизмеги 21 Сен 2020 11:01
0 ой-пикир

Бишкектин Театралдык скверинде пианинону сындырып кетишти. Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пианинону сындыргандар жеринен кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Кармалгандар мас абалда болгонун айтып, жаңы аспап сатып берүүнү убадалашкан.

Белгилей кетсек, пианино былтыр Шопоков көчөсүндөгү сейил бакка орнотулуп, шаардыктарга ойногонго уруксат берилген. Музыкалык аспапта шаар тургундары, жаңы үйлөнгөндөр, студенттер, жалпы эле сейил бакка келгендин баары ойноп кетишчү.

Видео фейсбуктан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.