Кубатбек Боронов ИИМдин жетекчилигине Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосундагы окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды

Окуялар тизмеги 21 Сен 2020 10:23
0 ой-пикир

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи.

Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.