ИИМ: Араван районунда Араван РИИБнин начальниги кызматтан алынды

Окуялар тизмеги 21 Сен 2020 10:31
0 ой-пикир

Араван районунда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин начальниги кызматтан алынды жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болушканын ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө Араван районунда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин жетекчиси, милициянын полковниги С. Исмаилов жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болушту.
ИИМ эскертет: Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чагымчыл кылгандарга, атайылап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде чегинде кескин катуу чараларды көрөт жана коомдук тартип бузууга жол бербейт. Үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө кимде ким атайылап коомдук тартипти бузууга, мушташка, баш аламандыкка жол бере турган болсо тартипке чакырылат, эч ким жоопкерчиликсиз калбайт. Шайлоо мыйзамдарын бузган жарандар катуу жазага тартыла тургандыгын эскертебиз.
Шайлоого байланышкан бардык иш-чараларды өткөрүү учурунда саясий партиялар, айрыкча эл менен жолугушуулардын графиги жана графиктен тышкары да жолугушуулар боюнча маалыматтарды коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарына билдириши керек.
Ал эми Араван районунда катталган факт боюнча сотко чейин өндүрүш учурунда тергөө акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт жана ошондой эле күнөлүүлөр сөзсүз жазага тартылат.
Тактап айта кетсек, 2020-жылдын 20-сентябрында Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын Араван айылында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чогулгандардын арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды жана сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.