БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынында Сооронбай Жээнбеков үч ирет видео кайрылуу жасары айтылды

Окуялар тизмеги 21 Сен 2020 18:23
0 ой-пикир

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын атынан видео аркылуу кайрылуу жасайт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.

Аталган жумалыктын алкагында ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттары да өтүп, Жээнбеков анын алкагында 23-сентябрда да видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары, мамлекет башчы 30-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынынын алкагында уюштурулган Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча саммитте видеокайрылуу жасайт.

Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлмөкчү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.