13-сентябрда Россиянын борбор шаары Москвада “Колизей ММА” мушкерлер уюмунун “Чемпиондор таймашы 14” аттуу мелдеши болуп өттү.
Мелдешке Кыргызстандан 34 мушкер катышты, алардын ичинен 18 мушкер жеңиш менен кайтты. 10 кыргыз мушкери атаандаштарын нокаутка жыга чабышты, 4 кыргыз каршылашын муунтуу ыкмасы менен жеңип, 2 мушкер оорута толгоп жана 2 кыргыз калыстардын чечими менен жеңишке жетишти.
61 кг чейинки салмактагылардан кыргыз Алайбек Кадыр уулу Өзбекстандык Комил Моминов менен таймашты. Кыргызстандык мушкер Алайбек Кадыр уулу мушташтын 10-секундасында эле атаандашы, өзбекстандык Комил Моминовду нокаутка жыга чаап, жеңишке жетти.