Соңку бир суткада COVID-19 вирусу 81 адамдан табылды

Окуялар тизмеги 20 Сен 2020 16:04
0 ой-пикир

Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 вирусунан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 20-сентябрда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдет дагы 81 адамдан аныкталды. Алардын ичинен эң көбү Жалал-Абад облусунда – 20 киши.

COVID-19 илдетине чалдыккан 566 бейтап ооруканада жатат, 1 762 киши үйүндө дарыланууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.