Жээнбеков: «Эгерде ушундай жаштарыбыз парламентке келсе, демек менин президенттик ишимдеги негизги багыттар орундалат»

Окуялар тизмеги 19 Сен 2020 21:02
0 ой-пикир

Ал Жогорку Кеңеш депутаттыгына аттанган жаш талапкерлер жөнүндө пикири менен бөлүшүп, жаш талапкерлердин дебаттарын көрүп жатканын, алардын көпчүлүгү санариптештирүү саясатын колдоп, аймактарды өнүктүрүү жөнүндө, кайра иштетүү тармагын колдоо керектигин айтып жатышканына токтолду.

“Эгерде ушундай жаштарыбыз парламентке келсе, демек менин президенттик ишимдеги негизги багыттар – санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү саясаты колдоо табат экен деген менде толук ишеним бар”, — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков парламентке ушундай жаштар баратканына канааттангандыгын айтты.

“Буга чейин да айткам, башталган реформа, долбоорлорду улантуу үчүн парламенттин колдоосу абдан керек. Партия жетекчилери мына ошол жаштарды колдоп, кийин парламентке өтүп келишсе, аларды тизмеден сүрүп чыгарбай, калтырат деген ишенимим бар”, — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.