Кыргыз Республикасынын Транспорт жана унаа жолдор министрлигинин мурунку жетекчиси Эркинбек Курманбаев 81 жаш курагында көз жумду.
Эркинбек Курманбаев 1940-жылы 11-январда Кыргыз ССРинин Москва районундагы Фрунзе атындагы колхоздо жөнөкөй үй-бүлөдө туулган.
Окууну аяктагандан кийин, Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетине тапшырган. Андан соң Фрунзедеги политехникалык институтка өтүп, «Автомобиль транспорту» адистигине ээ болгон.
Эркинбек Курманбаев эмгек жолун 1963-жылы Фрунзе шаарындагы №1 жүк ташуучу автобазада баштаган. Алгач ал – мастер, андан кийин улук мастер болуп иштеген, 1964-жылы ушул эле автобазанын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
1965-жылдын ноябрь айынан баштап Эркинбек Курманбаев №6 автобазанын башкы инженери, 1970-жылдын июнь айынан тарта Фрунзе шаарындагы №1 таксомотор базасынын башчысы болгон.
1969-1971-жылдары Фрунзе шаардык эл депутаттар кеңешинин депутаты болуп шайланган.
1976-жылдын август айынан тарта – Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин Иш башкармалыгынын өнөр жай жана байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ал эми 1978-жылы ноябрда Кыргыз ССРинин транспорт жана унаа жолдор министринин орун басары болуп дайындалган. 1991-жылы 23-ноябрда Эркинбек Курманбаев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана унаа жолдор министри болуп бекитилген. Бул кызматта ал 1993-жылга чейин иштеп, автомобиль транспорту жана шоссе жолдорунун ички тутумун өнүктүрүүгө чоң салым кошкон.
Көп жылдар бою туулуп-өскөн жеринин жыргалчылыгы үчүн жан аябастан эмгектенген Эркинбек Курманбаев 1970-жылы «Күжүрмөн эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы, 1976-жылы – «Ардак белгиси» ордени, 1996-жылы – «Манас-1000» мааракелик медалы менен сыйланган. Мындан тышкары, 2000-жылы ага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген транспорт кызматкери» сыйлыгы ыйгарылган.