SIAR консалтинг агенттигинин сурамжылоосу: эл шайлоого ат салышпаган партияларды көргүсү келет

Окуялар тизмеги 19 Сен 2020 09:44
0 ой-пикир

АКШнын USAID уюму тарабынан каржыланган SIAR консалтинг агенттигинин Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча кыргызстандыктардын саясий маанайы тууралуу сурамжылоосу талкуу жаратты.

Чөнтөк телефон аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоодо бардык аймак боюнча алгачкы тизмеден мурдагы СДПК менен «Ата Журт» саясий партияларын көрүүгө болот. Бирок жогорудагы партиялар 2020-жылдагы шайлоого катышпайт. Себеби, ал партиялардын лидерлери учурда түрмөдө отурат же болбосо мурун сот жообуна тартылган. Бул тууралуу «Келечек жол» мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын шайлоо процессине чет элдик уюмдар тарабынан орой кийлигишүү болуп жатат деп айтууга толук негиз бар. Мыйзам боюнча эл аралык уюмдар Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпөөгө тийиш.

Ал эми SIAR агенттиги 6-15 августтагы сурамжылоосу шайлоого чейин болжолдуу гана жүргүзүлгөнүн жана алдыңкы тизмеден орун алып, бирок шайлоого ат салышпаган мурдагы партияларды жарандар өздөрү каалап жатканын түшүндүрдү.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.