«Добуш сатуу менен коом да күрөшүүсү керек», — президент

Окуялар тизмеги 19 Сен 2020 20:34
0 ой-пикир

«Добуш сатуу менен коом да күрөшүү керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде.

Маек учурунда Мамлекет башчысына шайлоону калыс өткөрүү жана добуштарды сатып алууга бөгөт коюунун шарттары тууралуу суроо берилди.

Сооронбай Жээнбеков Президент катары шайлоону таза, адилет өткөрүү үчүн талап кылынчу мыйзамдын алкагындагы өз милдеттеринин баарын аткарганын жана аткарып жатканын дагы бир ирет белгиледи.

Бирок, аталган процесс бир гана Президенттен, Өкмөт жана БШКдан көз каранды эместигин кошумчалады.

«Добуш сатпоо маселеси биринчи кезекте партиялар, партиянын ичиндеги талапкер, андан кийин шайлоочулардан түздөн-түз көз каранды. Мен Коопсуздук кеңешин атайын ушул шайлоо маселеси боюнча өткөрүп, укук коргоо органдарына тапшырмаларды бердик. Эң негизгиси — кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей катуу мамиле камсыздоо деген талап коюлган. Бул боюнча иш аткарылып жатат. Фактылар болсо — жазаланат. Бирок, тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына „мага добушуңду сат“ деди деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында „ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр“ деп айтып жатышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатышат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок болуп жатат. Бир же эки эле учур болбосо, негизинен имиш-имиштер болуп жатат», — деп баса белгиледи Президент.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.