Борбор Азиядагы журналисттер арасында уюштурулган «Media CAMP Award-2020»сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Окуялар тизмеги 19 Сен 2020 17:36
0 ой-пикир

“Бийлик жана коом” номинациясы:

1-орун – Александра Ли жана Метин Жумагулов (Кыргызстан), Гүлнара Амиршоева (Тажикстан);

2-орун – Лукпан Ахмедяров жана Рауль Упоров (Казакстан);

3-орун – Алиса Масалева (Казакстан).

“Жардам берүү мезгили” номинациясы:

1-орун – Алия Хамидулина (Тажикстан);

2-орун – Айжамал Түгөлбай кызы (Кыргызстан), Оксана Габитова (Казакстан);

3-орун – Елена Яковлева (Кыргызстан).

“Баатырлар жаныбызда” номинациясы:

1-орун – Дия Батенова (Казакстан);

2-орун – Элмурат Аширалиев, Бекжан Асылбеков, Александра Титова (Кыргызстан);

3-орун – Уктам Ризаева, Мехрангез Турсунзода (Тажикстан).

“Чек арасыз муун – мүмкүнчүлүктөр мезгили” номинациясы:

1-орун – Жайнагүл Талас кызы (Кыргызстан);

2-орун – Константин Башлаев (Узбекистан);

3-орун – Роза Аренова (Казакстан).

Андан тышкары беш журналистке кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Журналисттер арасында жарыяланган сынакка Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Түркмөнстандан 314 эмгек сунушталып, финалга 59у чыккан. Калыстар тобунун курамында чөлкөмдөгү беш мамлекеттен бирден адис болду.

Сыйлоо аземи «Media CAMP-2020» онлайнфестивалынын алкагында 19-сентябрда аныкталды.

Фестивалды «Internews» уюму АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосунда уюштурду

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.