Бир суткада коронавируска чалдыккандардын саны — 91

Окуялар тизмеги 19 Сен 2020 13:30
0 ой-пикир

Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 вирусунан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 19-сентябрда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдет дагы 91 бейтаптан аныкталды. Алардын ичинен эң көбү Баткен облусунда – 30 киши.

  1. Бишкекте – 9;
  2. Чүйдө – 6;
  3. Ош облусунда – 17;
  4. Таласта – 1;
  5. Нарында – 1;
  6. Ысык-Көлдө – 15;
  7. Жалал-Абадда – 12.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору 45 335 адамга жукту, алардын ичинен 41 484 бейтап айыкты, 1 063 адам каза болду.

COVID-19 илдетине чалдыккан 570 бейтап ооруканада жатат, 1 771 киши үйүндө дарыланууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.