Спикердин талапкерлигин алуу сунушталууда

Окуялар тизмеги 18 Сен 2020 20:52
0 ой-пикир

Боршайкомдун жумушчу тобу «Кыргызстан» партиясынын талапкери, Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого талапкер катары каттоосун жокко чыгарууну сунуш кылды.

Эскерте кетсек, Дастан Жумабеков жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү берген. Таластын Кызыл-Адыр айылынын тургуну жаңы төрөлгөн уулуна Дастанбек Жумабековдун ысымын ыйгарган. Спикер Таласка жасаган иш сапары алкагында бул үй-бүлө менен таанышкан.

Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгендиги айтылган.

17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, акча фонддон бөлүнгөнүн билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.