Элчилик: «Аттокуров орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген”

Окуялар тизмеги 15 Сен 2020 10:19
0 ой-пикир

ыргызстандын Орусиядагы элчилиги мурдагы элчи Райымкул Аттокуровдун сөзүн жокко чыгарды. Элчиликтин билдирүүсүндө:

“Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Райымкул Аттокуровдун “Правда.ру” порталына курган маегинде айткан сөздөрүнө олуттуу негиз жок. Аттокуров орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген”, — деп жазылган.

Элчиликтин билдирүүсүндө Кыргызстан – көз карандысыз, эгемендүү мамлекет экени белгиленип, эл аралык мамилелердин толук кандуу катышуучусу болуп саналары, өлкөдө орус тили мамлекеттик эмес, расмий тил экени эскертилген.

Элчилик коомчулукту, кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлерин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы ой-пикирлерин жарыялоодон алыс болууга чакырган.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Райымкул Аттокуров орусиялык маалымат агенттигине курган маегинде “Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү тууралуу сөз болуп жатканын” айткан. Бул жалпы коомчулукта нааразылык жаратты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.