Боршайком: Шайлоодо майыптарга ылайыктуу шарт түзүлөт

Окуялар тизмеги 14 Сен 2020 13:41
0 ой-пикир

БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоо майыптардын укугун эске алуу менен уюштурулуп жатканын билдирди.

12-сентябрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында ушул маселе талкууланып, бир катар эрежелер айтылды:

  • Саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзүнүн көрүүсү начар кишилер үчүн чоңураак ариптерде жана брайль арибинде жазышы керек.
  • Шайлоо тилкелеринде пандус, лупа болууга тийиш.
  • Добуш берүүчү кабинанын бийиктиги 75 кем эмес, бюллетень толтуруучу столдун туурасы 40, узатасы 30 сантиметр болот.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 72 583 майып бар.

 Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.