COVID-19 дагы 53 жарандан табылды

Окуялар тизмеги 13 Сен 2020 12:23
0 ой-пикир

13-сентябрга карата коронавирус дагы 53 кишиден аныкталды. Каза болгондор жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы катталган 53 адамдын көбү Бишкек шаарында – 11 адам. Жалал-Абадда он, Ысык-Көлдө тогуз, Баткенде сегиз, Чүйдө жети, Ош облусунда үч, Нарын жана Ош шаарында экиден жана Таласта бир адамдан вирус табылды. Вирус жаңы аныкталгандардын ичинен бирөө медициналык кызматкер.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 881 адамга жукту, алардын 40 922и айыкты, 1 063 бейтап каза болду.

Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 509 бейтап ооруканаларда, 1973 бейтап үйүндө дарыланууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.