Башкы прокуратура: Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат

Окуялар тизмеги 09 Сен 2020 14:14
1 ой-пикир

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын, шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт.

Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө; же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынгандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында, Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген.

Жалпысынан республика боюнча КЖБРге 22 материал катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык караштуулугу боюнча ички иштер органдары тарабынан каралууда.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторинг көрсөткөндөй көпчүлүк учурда, шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.), административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.), шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлүүдө.

Кыргыз Республиканын Башкы прокуратурасы шайлоо процессинин катышуучуларына, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө максатында жана мыйзам бузуучулуктарга жол бергендерди мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрө тургандыгын маалымдайт.

Башкы прокуратура: Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Аноним

    Бул айтылып эле иш жузундо тенирден тескери болуп жатат. Мектеп директору участкалык шайлоо комиссиясынын торайымы болуу менен бирге угуттоо иштерин админ ресурс пайдаланып жургузуп жатат. Мугалимдерге сабак бербеймин деп коркутуп агитатор кылып алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.