Бүгүн, 9-cентябрда Бишкектин административдик сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралды.
Административдик соттун чечими менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу укугун алды.
Аталган партиянын жүздөгөн тарапкерлери соттун алдында «акыйкат чечим «Бүтүн Кыргызстанга»- деген ураандар менен күнү бою акыйкат чечим күтүп турду.
Адахан Мадумаров соттун чечимине коментарий берип жатып: «Сыртта бир канча саттан бери тамак ичпей, суу ичпей «Бүтүн Кыргызстандын» тагдырына кайдыгер карабай акыр-аягына чейин биз менен бирге турган тарапташтарыбызга терең таазим этип ыраазычылыгымды билдирем. Сот акыйкат чечим кабыл алды»-деди.
Эске сала кетсек, БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.